Аварияга кабылган космос кемесинин экипажы Казакстан аймагына конду

820

“Роскосмос” космонавты Алексей Овчинин жана НАСА  астронавты Ник Хейг — куткаруучу капсула менен Казакстандын аймагына түшүштү. Бул тууралуу Орусиянын космос ишмердүүлүгү боюнча мамлекеттик корпорациясы билдирди.

Алар түшкөн жерге тик учактар жана куткаруу кызматкерлери жөнөп кетишти.

«Роскосмос» маалымдагандай, «Союз МС-10» космос кемесин кое берген маалда кырсык болгон.

— Авариялык куткаруу системасы иштеп, кеме Казакстанга конду. Кеме экипажы тирүү жана байланышка чыкты. Куткаруучулар Алексей Овчинин жана Ник Хейгди издөө жана эвакуациялоо үчүн жөнөп кетишти, — деп айтылат билдирүүдө. Экипаж түшкөн жерге “Роскосмос” башчысы Дмитрий Рогозин дагы барды.

Космос кемеси 11-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча 11:40та кое берилген. «Интерфакс» агенттигинин кабарына караганда, кыймылдаткычтардын бири иштебей калган.

Маалыматтарга караганда, кырсык космос кемеси кое берилгенден эки мүнөт өткөн соң болгон. Бул учурда авариялык маяк иштеп, экипаж отурган капсула кемеден ажырап, жерге багыт алган.