Авариялык абалдагы имаратта билим алган ноокаттыктар (видео)

881

Окуу жайдын пайдубалы салынып, бирок курулуш иштери токтоп турганына байланыштуу Ноокат районунун Сарыканды айылынын балдары дагы авариялык абалдагы имаратта билим алууга мажбур. Эске салсак, кечээ аталган райондо урайын деп калган Өрнөк мектеби тууралуу айткан элек. «Маданият» айылынын мектеби дагы адистер тарабынан окуучулар менен мугалимдердин өмүрүнө коркунуч келтирет деп табылган. Бирок айылдын балдарынын башка жакта билим алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, айласыздан кооптуу окуу жайга барууга мажбур.