Авариялык коркунуч жараткан жолдордогу кош сызык (видео)

1083

Бишкектеги борбордук жолдордун бирин каршы тилкелерге бөлүп турган кош сызык кайра өчүрүлдү. Өткөн жумада “Бишкек асфальтсервис” ишканасы Манас проспектисинин борбордук тилкелеринин бирине чийин түшүргөн. Бирок өткөн жылы чийилген эски кош сызык калып калгандыктан, бул айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып, авариялык кырдаал пайда болгонун айтып чыгышкан.

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден тарта ордо калаанын бир топ көчөлөрүндө жаңы жол белгилери жана чийиндер пайда болгон. Бирок алардын кээ бирлери жол кыймылын жеңилдетүүнүн ордуна тескерисинче кыйынчылык жарата баштаган.