Австралиянын көчөсүндө ак калпакчан кыргыздын сүрөтү пайда болду

835

Монголияда туулуп, Австралияны жердеген Хоснаран Хурелбаатар аттуу адам Мельбурн шаарындагы соода борбордун кире беришиндеги дубалга граффити тартты.

Ал аксакалдын сүрөтүн туристтик сайттардын биринен тапканын айткан. Бирок автор кимди тартып жатканын билген эмес. Бул эмгекти жаратууга эки күн кеткен.

Ак калпакчан кыргыздын сүрөтү соода-көңүл ачуучу жайга келгендердин кызыгуусун жаратууда.