Автобус, троллебуска жол кире 12 сом болобу? (видео)

1557

Автобус менен троллейбустун жол акысын көтөрүүнү сунуштаган эки жетекчи жумуштан айдалды. Алар Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов менен троллейбус башкармалыгынын башчысы Артур Өмүрзаков.

Экөөнү кызматтан алган мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жол кирени жогорулатуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен биргеликте талкууланчу маселе дейт. Кечээ маалымат жыйындын жүрүшүндө муниципалитет өкүлдөрү коомдук транспортко жол кире 8 сомдон 12 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн экенин билдиришкен.