Автобустун дөңгөлөгүнүн астында калып каза болгон окуучу (видео)

1976

Чүйдө 11 жаштагы өспүрүмдү тебелеп кеткен автобустун айдоочусу камакка алынды. Кылмышка шектүү — Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 2 суткага киргизилди. 5-класстын окуучусунун өлүмү менен аяктаган кырсык Сокулук районундагы Достук айылында катталган.

Анда Маевка – Күн-Туу каттамы менен жүргөн №18-автобустун айдоочусу жүргүнчүсүн тебелеп кеткен. Дөңгөлөктүн алдында калган өспүрүм оор жаракаттардан улам каза болгон. Бул окуя кокустукпу же айдоочунун шалаакылыгынан улам келип чыктыбы деп суроо салгандар арбын.