Автобустун ичинде өрттөнүп кеткен 52 өзбекстандык жерге берилди
705
Өзбекстанда Актөбөдөгү жол кырсыгында каза болгондордун сөөктөрү жерге берилди.
Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маркумдардын ким экенин аныктоо аяктаганын билдирип, алардын аты-жөнүн жарыялады.
Өрттөнгөн автобуста өмүрү кыйылгандардын көбү Наманган облусунан. Кырсыкка кабылгандардын арасында ошондой эле Ташкент шаарынын, Сурхандарыя облусунун тургундары болгонун Өзбекстандын бийлиги бышыктады.
18-январда Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Чымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, 52 киши каза тапкан. Алар Орусияга иштегени бараткан өзбек жарандары болуп чыккан.
“Сетра» үлгүсүндөгү автобуста 57 киши бараткан. Бешөө ар кандай жараат алып, ооруканага жаткырылган.