Автокамсыздандыруу мыйзамы 2021-жылга жылдырылат (видео)

568

Өкмөт автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу мыйзамын күчүнө киргизүү мөөнөтүн жылдырууга макул. Министрлер кабинетинин тиешелүү адистери бирдирүү жасап, ОСАГО боюнча депуттардын демилгесин өкмөт колдой турганын айтты. Аткаруу бийлиги унаа ээлерине кошумча финансылык түйшүктү жараткандыгын эске алып, документтин күчүнө кирүү мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу туура кадам деген бүтүмгө келген.

Эскерте кетсек, буга чейин депутаттар ОСАГО полисин алууну дагы 2 жылга, тагыраагы, 2021-жылга чейин жылдырууну сунуштаган. Деген менен, мыйзамдын ишке киришин токтото турууга камсыздандыруу компаниялары каршы болуп, президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошкон. Ал арада, документ күчүнө кирип, иштей баштады. Айдоочуларда болсо, эми кандай болот деген суроо жаралууда.