Автокран менен жеңил унаа кагышып, эки киши каза тапты

842

Бишкек-Ош жолунда автокран менен жеңил унаа кагышып, эки киши каза тапты. Кырсык Ноокен районунун аймагында катталып, анын кесепетинен 26 жана 27 жаштагы эки адам мерт кеткен. Жол кырсыгынан дагы эки киши жабыркап, ооруканага жеткирилди.

Учурда маркумдардын өздүгү такталууда. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар унаанын ичинде кыпчылып калган адамдарды чыгарып, Ички иштер минитрлигинин кызматкерлерине өткөрүп берген.