Автоунаадагы музыка сүйүүчүлөрдүн сынагы (видео)

640

Кыргызстанда биринчи жолу автоүн, мультимедия жана тюнинг боюнча сынак уюштурулду. «АзияМолл» соода оюн-зоок борборунда өткөрүлгөн эл аралык мелдешке Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын автосүйүүчүлөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө автоунааларга орнотулган аудио системанын жаңырышынын сапатуулугу боюнча мыктылар аныкталды. Буга кошумча, темир тулпар ээлери унааларда орнотулган аудио системаны 4 номинацияда сынай алышты.