Автоунаалар атайын текшерүүдөн кийин гана оңдолот (видео)

1099

Эми оңдоого муктаж же урулган унаалар атайын текшерүүдөн өткөрүлгөндөн кийин гана техникалык тейлөө борборлоруна киргизилет. Ал үчүн айдоочулар Жол кыймылынын коопсузудугун камсыздоо башкы башкармалыгынан автомашина жол кырсыгына катышпагандыгы туурасында справка алуусу шарт. Бирок бул токтом унаа оңдоочу жайлар үчүн жаңылык эмес. Ал мындан 11 жыл мурда эле кабыл алынган. Ал эми айдоочулар арасында бул эреже жөнүндө укпагандар көп экен. Мындан улам, жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү мекеме бул үчүн акчалай айыптын өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштап жатат.