Автоунааларды эвакуациялаган компаниянын артында ким турат? (видео)

548

Бишкектеги мыйзам бузган автоунааларды эвакуациялаган компаниянын артында Ички иштер министрлигиндеги таасирдүү адамдар турушу мүмкүн. Мындай пикирин Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешев билдирди. Ал ошондой эле, бул боюнча ачылган кылмыш ишин финполиция эмес УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тергеши керектигин айтууда.

Андан тышкары «Коопсуз шаар» долбоору боюнча дагы талаштуу жагдай бар экенин башка депутаттар айтып чыгышты. Ошондой эле Жогорку Кеңештин отурумунда, КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов менен Ирина Карамушкина кайым айтыша кетишти.