Автоунааларды эвакуациялоо боюнча тендердин талаптары жеңилдетилет

877

Бишкекте автоунааларды мажбурлап эвакуациялоо боюнча тендердин талаптары жеңилдетилет. Анткени буга чейинки конкурска талапкерлер келбей, сынак өтпөй калган. Шарт боюнча компаниянын өзүнүн 5 жылдан көп колдонулбаган 20 эвакуатору болуп, анын баары видеокаттоо менен жабдылышы керек.

Ошондой эле, ишкананын чогулган машиналарды киргизе турган автобазасы болуп, ал дагы фото видеобайкоолор менен камсыздалып, ал жакта адистешкен нарколог, механик, диспетчтер иштеши талап кылынган. Бирок буга бир дагы компания кызыкдарлыгын билдирген эмес.

Мындан улам, тендердин шарттарын жеңилдетүү каралууда. Жол эрежесин бузган автоунааларды жүктөп кетүү кызматы 1500 сом турат. План боюнча, туура эмес жерге токтотулган машиналарды эвакуациялоо быйыл 29-апрелден тарта башталышы керек болчу. Бирок техникалык шарттын жоктугунан эмдигиче ишке ашпай келет.