Автоунааларды милдеттүү техникалык кароо киргизилеби? (видео)

730

Автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү кайрадан киргизилиши мүмкүн. Демилге Транспорт жана жолдор министрлигине таандык. Айтымдарында, бул аракет абага чыгуучу кычкыл газдардын деңгээлин азайтуу максатында сунушталууда.

Учурда тийиштүү органдарга анын жоболорун иштеп чыгуу тапшырылыптыр. Ал арада бул аракет кайра эле коррупциялык көрүнүштөргө алып келбейби деген күмөн пикирлерди жаратууда. Себеби 8 жыл мурда дал ушундай көйгөйдөн улам бул иш-аракет жокко чыгарылган болчу. Анда айдоочулардын көпчүлүгү тиешелүү кароодон өтпөй эле, унаасы техникалык жактан жайында деген документти сатып алып турушкан.