Аял-депутаттар Чубак ажыны кескин сынга алышты (видео)

1589

Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алганы тууралуу билдирүүсү боюнча Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы иликтөө жүргүзөт. Ошондой эле, мурдагы муфтийдин биринчи жубайынын абалы текшерилиши мүмкүн. Анткени депутаттар Чубак ажынын байбичеси үй-бүлөлүк зомбулукка кабылды дешет. Полигамия маселеси бүгүн парламентте дагы кызуу талкууга айланды. Бирок эркек эл өкүлдөрүнөн бирөө дагы көп аял алуу боюнча так пикирин билдирген жок. Жалаң гана айым депутаттар нааразычылыгын айтышты. Алардын пикиринде, Чубак ажы биринчи аялы капа болгонун өзү ачык жарыялагандыктан, муну Акыйкатчы институту, Ички иштер министрлиги жана прокуратура текшерүүгө милдеттүү.