Аялдар тизмеде гендердик квотаны толтуруу үчүн гана керекпи? (видео)

3389

Учурда коомчулукта дал ушул суроонун тегерегинде кызуу талкуулар жүрө баштады. Себеби шайлоого катышып жаткан партиялардын биринин тизмесинен 8 аял талапкер чыгып кетип, саясий бирикменин 30 пайыздык гендердик квотасы сакталбай калган.

Бирок барынан кызыгы, бул квота Боршайком тизмени расмий каттаганга чейин эле сакталат экен. Андан кийин айымдардын баары тизмеден чыгып кетсе дагы шайлоо мыйзамдары бузулбайт, дешет адистер. Тактап айтканда, тизмеде аялдар калбай калса дагы, ордуна эркек кандидаттар ат салыша беришет. Мыйзамдын алешемдиги парламентке ашыккандарга ыңгайлуу болуп жатабы?