Аялдарды көбүрөөк бийликке тартуу керекпи? (видео)

619

Аткаминерлер корпусунун аброюн көтөрүү үчүн аялдарды көбүрөөк бийликке тартуу керекпи? Талапка ылайык, Кыргызстандын башкаруу органдарында гендердик тең салмактуулук сакталышы керек. Тагыраагы, мамлекеттик кызматкерлердин жарымы эмес, жок дегенде 30 пайызы аялдар болушу шарт. Бирок бул талап иш жүзүндө аткарылбай келет. Мындан улам, Жогорку Кеңештеги айым депутаттар жергиликтүү кеңештердеги эркек эл өкүлдөрү 70 пайыз болуп, калганы аялдар, эгер айымдар жок болсо, ал орундар резервде сакталып турушу керек деген мыйзам-долбоорун иштеп чыгышты.

Демилгечилердин пикиринде, башкаруу иштерине аял киши аралашса, бюджеттик акча сарамжал колдонулуп, чечимдердин аткарылышы катуу көзөмөлгө алынат. Анын үстүно айымдар көп учурда коррупциялык иштерге батына беришпейт деген ишеничтер бар. Бийликке аял киши кийилигишсе, саясий оюндар азайып, социалдык маселелерге басым жасалат экен. Аял-эркек эриш аркак иштесе, көбүрөөк пайда алып келет, дешет адистер. Эгер парламенттеги депутаттардын үчтөн бир бөлүгү айымдар болгондо, иш алдыга жылмак экен. Азыр 20 аялдын алы жетпей жатыптыр. Учурда Кыргызстанда бийлик бутактарынын бири Жогорку соттун башчысы жана өкмөттөгү 22 чоң жетекчинин үчөө аял.