Аялдардын психоневрологиялык жатак үйүнүн абалы (видео)

561

Балдарын күткөн энелер, жакындарын сагынган кыз-келиндер. Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы аялдардын психоневрологиялык жатак үйүндө азыр 250гө жакын бейтап күн кечирип келет. Алардын баары психологиялык жактан жабыркагандар.

Арасынан убагында ар түрдүү кызматта иштеген татаал тагдыр ээлерин кезиктирүүгө болот. Жакында эле жатак үйүнө Япония элчилиги тарабынан жардам көрсөтүлүп, керектүү эмеректер жеткирилди.