Аялдардын укугуна арналган экинчи митинг тынч өттү (видео)

1611

Эки күндө эле аялдардын укугуна арналган экинчи митинг өткөрүлдү. Акция ордо калаадагы Уркуя Салиевага арналып тургузулган Эркиндик монументинин алдында болуп, ага жүздөгөн адам катышты.

Анда 8-марттагы кыз-келиндердин маршын үзгүлтүккө учуратып, кол көтөргөндөрдү жоопко тартуу талап кылынды. Ошондой эле, бул окуя боюнча өкмөт чукул жыйын өткөрүп, көз карандысыз иликтөө жүргүзүшү керек деген ойлорун айтышты. Бирок бул пикирди колдобогондор да келди.