Аялын 4 саат мыкаачылык менен сабаган күйөөсү изделүүдө (видео)

8170

Бишкекте аялын аёосуз сабоого шектелген чет элдик жаран табылбай жатат. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы болсо тиешелүү кызматкерлер аны түп көтөрүлө издеп жатканын билдирүүдө. Айрым маалыматтарга караганда, шектүү Түркиянын жараны болгондуктан, Кыргызстандан чыгып кеткен болушу мүмкүн.

Кечээ 28 жаштагы келин өзүнүн интернет баракчасына жолдошу тарабынан аёсуз сабалганын айтып, бети башы көгөргөн күйүк алган сүрөттөрүн, видеосун жарыялаган. Жабырлануучу баш мээси чайкалып, учурда ооруканада жатат.