Аялын жаткыра тепкен эркек 7 суткага камалды (видео)

2116

Көчөдө аялын аёсуз ур-тепкиге алган киши 7 суткага камалды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Ленин райондук соту чыгарды. «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан сабалган келинге коргоо ордери да берилгени белгилүү болду.

Эске салсак, интернетте тараган видеодо кишинин аялды тепкилеп жатканын көрүүгө болот. Окуя өткөн түнү эле Бишкек шаарында болуп, жерине милиция кызматкерлери тартылган. Бирок зөөкүр күйөө кармалбай, үйүнө кое берилгени коомчулук арасында катуу нааразычылыктарды жаратты.