Аялынан таяк жеген эркектердин саны өстү (видео)

1340

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган эркектердин саны өткөн жылга салыштымалуу эки эсе өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, соңку 3 айда эле эркектерге карата жасалган зордук-зобулук боюнча 160 факт катталган. Арыз жазгандардын орточо курагы 30-40 жашты түзөт. Ал эми даттанбай, кордукка чыдап жүргөн эркектердин саны мындан кыйла көп болушу ыктымал, дешет эксперттер. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр бир жылда эле үй-бүлөлүк зомбулуктан ар кандай жарааттарды алып бейтапканада дарыланып чыккан эркектердин саны 9 миңге жеткен.