Аяз аталар менен Аяз кыздар жарышка чыгышты (видео)

3638

Жаңы жылдык марафон ордо калаадагы Дайыр Асанов атындагы сейил бакта өткөрүлдү. Ага 60 адам катышып, алар үчүн ар кандай аралыктар белгиленген.

Чуркоо Байтик баатыр көчөсүнөн башталып, андан соң Түштүк магистраль жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрү аркылуу өттү. Балдар үчүн дагы мелдеш уюштурулган. Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө медалдар жана белек-бечкектер берилди.