«Азаттык»: Түркиядан Ы. Матраимов атындагы фондго $2,5 млн которулган

805

2011-2017-жылдар аралыгында Кыргызстандан 700 миллион долларга жакын каражат тышка чыгарылып кеткен. «Азаттыктын» журналисттери өздөрүнүн иликтөөсүн жарыялап, анда алардын колуна ишенимдүү булактар аркылуу документтер келип түшкөнүн билдиришти. Ага ылайык, аталган сумманын 250 миллионун тастыктаган банк дүмүрчөктөрү, тиешелүү документтер бар. Каражаттар Ош шаарындагы бир нече банктар аркылуу, чет өлкө жарандарынын атына которулуп турган.

Тактап айтканда, ал суммаларды Түркия, Улуу Британия, Бириккен Араб Эмираттары, Германия, Россия, Кытай баштаган 13 өлкөгө “Айэркин Саймаити” аттуу уйгур улутундагы Кытайдын жараны которуп турган. Ушул эле Саймаити жана анын аялынын атынан 2015-2017-жылдар аралыгында Түркиядан Кыргызстандагы “Ысмайыл Матраимов атындагы кайрымдуулук фондуна” 2,5 миллион долларга жакын акча которулган. Аталган фондго Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган иниси Русланбек Матраимов ээлик кылат. Ал өз кезегинде андай адамдарды тааныбай турганын айтты.

Эске салсак, аталган фонд бир нече жылдан бери спорттук иш-чараларды өткөрүп келет. Ага быйыл парламент спикери Дастан Жумабеков, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, парламенттин жоон депутаттары, област жетекчилери, элчи жана башка саясатчылар катышышкан.

Ошондой эле учурда, Финполициясы 5 айдан бери Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүдө. 2 күн мурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аталган кызматтын башчысы Бакир Таиров менен жолугуп, ишти тездетүүнү тапшырган болчу.

Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Райым Матраимовдун иши боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын жана Финансы полициясы бул ишти Бирдиктүү реестрге «мыйзамсыз байыган» деген берене менен каттаганын айтышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.