«Азаттыктын азаптуу жолу» китебинин бет ачары (видео)

1356

«Азаттыктын азаптуу жолу». Ушундай аталыштагы китептин бет ачары Бишкекте өттү. Анын автору — Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук жана мамлекеттик ишмер, академик Абдыганы Эркебаев. Ал китепте автор Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки жылдардагы тарыхый окуяларын 3 этапка бөлүп жазган.

Ошондой эле, китепте өлкөнү башкарган саясатчылар, ишмерлер тууралуу макалалар, эсселер камтылган. Мындан сырткары, Эркебаевдин дагы эки китеби жарык көрүп, алардын бири залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган.