Азаттыктын иликтөөсүнө кимдер бут тосуп жатат? (видео)

636

Операторду ур-токмокко алып, колундагы техникасын карактап кеткен окуя сөз эркиндигине коюлган чабуул. «Азаттык Медиа» мекемеси Ош шаарында өзүнүн оператору Айбек Кулчумановдун сабалышы боюнча билдирүү таратып, окуяны кескин сындарын жана укук коргоо органдарынан бул окуяны терең иликтенишин талап кыларын айтты.

Ал арада, операторго кол көтөрүп, техникалык жабдууларын карактагандардын бири Райымбек Матраимовдун жакын тууганы экени аныкталганы кабарланды. Олбурлуу жигиттердин ур-токмогуна кабылган оператор дарыланып жатса, 1,5 миллион сомдук техниканын дайыны чыга элек.