Азербайжандагы шайлоодо Ильхам Алиев алдыда

813

Бир канча социологиялык компаниянын экзит-полл жыйынтыктары боюнча Азербайжандагы президенттик шайлоодо өлкөнүн учурдагы башчысы Ильхам Алиев алдыда чыгып, шайлоочулардын 82-86% добушун алды.

Расмий маалыматтарга караганда, шайлоочулардын 70 пайыздан ашыгы добуш берди.

Оппозиция мыйзам боюнча жарым жылдан кийин өтүшү керек болгон шайлоого бойкот жарыялоо чечимин кабыл алган. Оппозиция өкүлдөрү бийлик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу менен потенциалдуу талапкерлердин шайлоо өнөктүгүнө жакшылап даярдануусуна тоскоол кылды деп эсептешүүдө.

2016-жылы Азербайжанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп, президенттин мөөнөтү беш жылдан жети жылга чейин узартылган. Мурдагы азери лидери Гейдар Алиевдин уулу Ильхам Алиев атасынын мураскери болуп, өлкөнү дээрлик 15 жылдан бери башкарып келет.