Азгырылгандардын канын соргон казинолорду кимдер калкалайт? (видео)

604

Өлкөдө саясий окуялар биринин артынан экинчиси болуп жаткан маалдан пайдаланып кумаркана иштеткендер тамырын жайып, кирешеге маарышууда. Аларды «кой, ай» деген деле киши жок окшойт. Аткаминерлер казинону милиция калкалап жатат десе, тартип сакчылары кумарканалардын артында башка таасирдүү адамдар турат деп күнөөнү бири-бирине оодарышууда. Бул убакта, арам жол менен акча тапкандар  адамдарды азгырып байлыктарын шыпырып алууну улантып жатат.

Кумарканалардын айынан канча үй-бүлө бузулду, карызга белчесинен батып качууга аргасыз болгондор, ал гана эмес өмүрүнө кол салгандар канча. Казино иштеткендер эч кимди тоготпой жатабы же аларды ооздуктаган органдардын колу кыскабы? Кыргызстанда кумарканаларга тыюу салган мыйзам иштеп жатканына 7 жыл болду. Башында казино иштеткендер нааразы болуп митинг уюштуруп же кайсы бир аткаминер, депутаттардын колу менен кумарканаларга уруксат берген документтерди сунуштап жүрүштү. Бирок андан кийин эбин табыштыбы, унчукпай калышты.

Былтыр Коопсуздук кеңешинин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош шаарларында казинолор кенең-кесири эле иштеп жатканын айтып, күч түзүмдөрүнө кескин чараларды көрүүнү тапшырган. Ошондон бери Ошто 9 кумаркана аныкталып, кылмыш иши козголгону менен сотко жетпей жабылып калган. Баласы 6,5 миллион сомун уттуруп жиберген ата бул жумада журналисттерге кайрылбаганда, казинолорду милиция, жергиликтүү аткаминерлер эстемек да эмес окшойт.