Ажылык-2019: Кийимдин үлгүсү тандалды

1722

Кыргызстанда быйыл ажыга барчулардын кийиминин үлгүсүнө сынак жыйынтыкталды. Муфтияттын маалыматына караганда, ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб өткөргөн сынакка 13 талапкер катышты.

Кийимдин баасы, кездеменин курамы жана сапаты, дизайны, түсү, коопсуздук белгилери, ыңгайлуулугу боюнча коюлган талаптарга канчалык туура келерине көңүл бурулду.

Жыйынтыгында жеке ишкер Айкөл Аликжанова тиккен үлгүлөр татыктуу деп табылып, ага ажылыктын формасын тигүү милдети жүктөлдү.

Айкөл Аликжанова буга чейин моделдик чөйрөдө алектенип, тасмаларда ролдорду жаратып келген.

Ажылык сапар жыл сайын Курман айт учурунда уюштурулат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.