Ажылык сапар эмне үчүн кымбаттап кетти? (видео)

3045

Быйыл ажылык сапардын баасы өткөн жылга салыштырмалуу 9 миң сомго кымбаттады. 2017-жылы Меккеге барып келүү 2760 долларды түзсө, быйыл анын баасы 2890 долларга жетти. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрүнүн айтымында, ажылык сапардын кымбаттап кетишине Сауд Арабия Падышалыгы кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын 5 пайызга көтөрүп жибергени себеп болду. Бүгүн ажылык сапарды уюштуруу боюнча түзүлгөн убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү даярдык тууралуу маалымат беришти. Алардын айтымында, учурда бардык тиешелүү иштер аткарылып, тендерлер өткөрүлгөн. Бирок зыяратчыларды эмдөөдөн өткөрүү жана алардын виза маселелери азырынча чечиле элек экен.