Азимбек Бекназаров элчи кызматын аркалайт (видео)

2224

2-3 айда чет тилин үйрөнүп, дипломаттык кызматкердин этикалык жүрүм-турумун өздөштүрүү. Малайзияга элчи кызматына даярданган Азимбек Бекназаров алдына дал ушундай максаттарды койгонун журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети анын Малайзияга элчиликке талапкерлигин жактырды. Жыйын жабык эшик артында өтүп, Бекназаровдун талапкерлигине 12 депутат макул болсо, бир депутат «каршы» добуш берген.