Азимбек Бекназаров: «Мамлекеттик тил — кыргыз тили эле болушу керек»

1485

Кыргызстанда орус тилинин расмий макамын жоюш үчүн референдум өткөрүү сунушталууда. Бул коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрдүн курултайынын аткаруу комитетинин конституциялык реформа үчүн даярдаган мыйзам долбооруна жазылган жети сунуштун бири.

15-январда Бишкекте өткөн жыйында коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрдүн өкүлү Азимбек Бекназаров орус тилине байланыштуу маселеге мындай комментарий берди:

«Орус тили бизге керек. Бирок ал эл аралык тил макамы менен керек. Сыртка чыкканда колдонуш үчүн керек. Бала бакчадан баштап англис тили менен бир катарда окутулушу керек. Макамы — Бириккен Улуттар Уюмунун тили — англис тили сыяктуу эл аралык болушу керек. Мамлекеттик тил — кыргыз тили эле болушу керек. Иш кагаздарынын баары кыргыз тилинде жүргүзүлүп, иш-чаралар кыргызча өтүп, аткаминерлер кыргыз тилинде иштеши керек. Антпесек кыргыздар жоюлуп кетебиз.

Кыргызстандагы бир катар коомдук-саясий жана мекенчил күчтөр конституциялык реформа өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун даярдады. Анда референдум өткөрүүнү ушул жылдын 24-ноябрына дайындоо белгиленген.

Жети суроонун ичинде Конституцияны жаңылоо, мамлекеттик башкаруу формасын тандоо, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо системасын тандоо, аймактык реформа сыяктуу маселелер камтылган.

Кыргызстанда орус тили расмий статуска ээ. Көп иш-кагаздар орусча даярдалганы, шаар жерлеринде тейлөө орусча жүрүп жатканы коомчулук арасында нааразы пикирлерди жаратып келет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.