Азимбек Бекназаровго жалган көрсөтмө бергени үчүн кылмыш иши козголду

984

Анын Өмүрбек Текебаевдин сотунда калп сүйлөгөнүн айтып жатканда тартылган тасма монтаж эмес экени аныкталган. УКМКдан кабарлашкандай, кылмыш ишинин козголушуна Алматыда жасалган фоноскопиялык экспертизанын жыйынтыгы негиз болду.

Өткөн айда интернетте Текебаевдин сотунда күбө катары берилген көрсөтмө боюнча эки саясатчынын сүйлөшүүсү деген аудио тасма тараган. Анда Бекназаровдукуна окшош үн: соттук отурумда жалган сүйлөгөнүн, ар бир калп үчүн Кудайдан кечирим сураганын айтат.

Андан көп өтпөй, дагы бир видео тасма чыккан. Анда Азимбек Бекназаров камера тартып жатканын байкабай, сотто калп көрсөтмө бергенин дагы кайталайт. Бул окуяны териштирүү боюнча Башкы прокуратура УКМКга кайрылган.