Азимкан Жусубалиев 14 жылга эркинен ажыратылды

656

Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев 14 жылга эркинен ажыратылды.

Мындай өкүмдү Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Ал эми пара алууга ортомчулук кылган деп айыпталып жаткан Болот Токтобаев 6 жылга эркинен ажыратылса, Италиянын «Todini» компаниясынын Алматы шаарындагы филалынын коммерциялык директору Бехруз Гулрузовго 2 миллион сом айып салынып, ал сот залынан бошотулду.

Эске салсак, Азимкан Жусубалиев былтыр декабрда 50 миң доллар пара алып жатканда колго түшүрүлгөн. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Жусубалиев өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары 120 миң доллар алган деп айыпталууда. Тергөөнүн маалыматына караганда, чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.