Азия чемпионаты: спортчуларыбыз 2 күмүш, 2 коло медалга ээ болду (видео)

973

Бишкекте күрөш боюнча Азия биринчилиги кызуу уланууда. 20 өлкөдөн келген балбандар Кожомкул атындагы спорт сарайында күч сынашып жатышат. Кечээ Грек-Рим күрөшү боюнча алгачкы беттеш өттү. Биринчи күндүн жыйынтыгы менен, кыргызстандык спортчулар эки күмүш, эки коло медалга жетишти.