«Азия Молл». Европага бир жумалык жолдомо ойнотулду (видео)

697

Нооруз майрамына карата “Азия Молл” оюн-зоок соода борбору кардарлары үчүн кайрадан жагымдуу белек тартуулады. Бул ирет Европага бир жумалык жолдомо ойнотулду. Мындан тышкары, 2 миң сомдон 6 миң сомго чейинки сертификаттар тапшырылды. Лотореяга катышуу үчүн кардарларга эң жөнөкөй шарттар коюлган.

Алар болгону “Азия Молл” соода борборунан 2 миң сомдон жогору суммада соода кылып, атайын купондорду алышкан. Ошондой эле, жаз майрамы “Азия Моллдо” өзгөчө шаң менен өткөрүлүп, анда калаа тургундарына бекер сүмөлөк, боорсоктор таратылып жатты.