«Азия Молл»: лотереянын жеңүүчүлөрүнө белектер тапшырылды (видео)

771

«Азия Молл» көңүл ачуучу соода борбору тарабынан ойнотулган лотереянын жеңүүчүлөрүнө белектер тапшырылды. Иш чара концерттик программа менен коштолду. Бирок сертификаттарды алуу оңойго турган жок. Сынактын эрежеси боюнча утуп алгандар бийлеп, өнөрүн көрсөткөндөн кийин гана белегин алышты.

Лотереяда 1000 сомдук сертификаттан баштап, Дубайга эки кишилик жолдомо жана бир бөлмөлүү батир ойнотулган. «Азия Молл» соода көңүл ачуучу борборунун жетекчилигинин белектери муну менен эле токтоп калбайт. Жыл ичинде түрлүү сынактарды өткөрүп, кардарларына кубаныч тартуулоого даяр.