«Азия Молл» өз кардарларына футбол оюндарын көрсөтөт (видео)

1072

Өз кардарларына ар дайым кам коргон «Азия Молл» оюн-зоок соода борборунан кезектеги жагымдуу жаңылык. Бул ирет аталган жай өз кардарлары үчүн дүйнөлүк футбол чемпионатын көрүү мүмкүнчүлүгүн түздү. Ал үчүн соода борбордун үчүнчү кабатына заманбап LED экран орнотулду. Анда футбол ышкыбоздору таң аткандан тарта түнкү саат 02:30га чейин футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын оюндарын көрүп, сүйүктүү командаларын сүрөй алышат. Эң башкысы, ал жерге кирүү акысыз. Ошондой эле, оюн-зоок соода борбору тарабынан бекер маршруттук таксилер жүргүзүлүп, алар соода жайдан кардарларын акысыз ташып турушат.