«Азия Молл» соода борборуна 1 жыл (видео)

1180

Кыска убакыттын ичинде шаардыктардын сүймөнчүлүгүнө айланган заманбап оюн-зоок соода борбору 31-августта өзүнүн биринчи туулган күнүн белгиледи. Жайдын акыркы күнүнө туш келген дата шаңдуу иш-чаралар менен коштолду.

Алгачкы мааракесин өз кардарлары менен бирге майрамдаган Азия Молл соода борбору көптөгөн бутиктерде арзандатууларды уюштуруп, белектерди таратты.

Ошондой эле чакан концерт болду. Туулган күнүн белгилеп жаткан «Азия Молл» муну менен гана чектелбестен, 1 тонна боорсок жасоо менен өлкөдөгү буга чейинки рекордду жаңыртты.