«Азия Молл» соода борборундагы «Сулуулук күнү» (видео)

434

Азия Молл оюн-зоок соода борборунда айымдарга арналган “Сулуулук күнү” өттү. Иш-чарага дүйнөлүк косметикалык компаниянын өкүлдөрү келип, мастер-класс аркылуу өздөрүнүн продукцияларын тааныштырышты.

Чакырылган адистер боекторду туура пайдалануу, келбетке көрк кошуу жана денеге, бетке кам көрүүнүн сырлары менен бөлүшүштү. Он чакты компания менен дүкөн, салондор катышкан сулуулук күнү кечке чейин уланып, каалоочулар үчүн эшик ачык болду.