“Азия Молл” соода оюн-зоок борборунда машыгуу болду (видео)

854

“Азия Моллдун” балдар ойноочу аянтындагы өрт. Ушундай сценарий менен соода оюн-зоок борборунда машыгуу болду. Мекеменин жетекчилиги Россиянын Кемерово шаарындагы кырсыктан кийин кызматкерлеринин жана ижарачылардын даярдыгын байкап көрүүнү чечкен. Буга кошумча, өрт өчүрүүчү аны кабарлоочу системаларын да текшерүүдөн өткөрдү. Машыгууга Өрткө каршы күрөшүү кызматы, Мамэкотехинспекицянын кызматкерлери да катышты. Текшерүү жүргүзгөн адистер “Азия Моллдун” өрткө каршы аракетине оң баасын беришти.