Азия Моллдун биринчи Нооруз майрамы (видео)

1362

Сүмөлөк, боорсок жана даамдуу чай. Бишкектеги “Азия Молл” соода борбору Нооруз майрамы күнү келген шаардыктарга дасторкон жайып, шаңдуу оюн-зоок программасын тартуулады. Улуттук оюндардан тогуз коргоол, чака чапмай, күрөш жана аркан тартыш боюнча мелдештер уюштурулуп, бул мелдештер келгендердин бүйүрүн кызытты. “Азия Молл” соода борборунун алдындагы аянтчага 2 боз үй тигилип, каалоочулар анда акысыз сүрөткө түшүп жатышты. Майрам сайын Бишкек шаарынын тургундарын жана конокторун кубанткан “Азия Молл” соода борборунун биринчи Нооруз майрамы мыкты деңгээлде өттү.