«Азия Оскары» сыйлыгына Акылбек Абдыкалыков көрсөтүлдү

1083

Кыргыз эл артисти Акылбек Абдыкалыков «Азия Оскары» сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу маалымат «Кыргыз фильм» киностудиясынын расмий сайтына жарыяланды.

Азия-Тынч океан киноакадемиясынын сыйлыгынын «Эркектин мыкты ролу» номинациясы боюнча 5 өлкөнүн актерлору көрсөтүлгөн. Алардын ичинде — Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Индия, Ливан, Иран өлкөлөрүнүн өкүлдөрү бар.

Азия-Тынч океан киносыйлыгы үчүн ат салышкан тасмалардын арасында — Япония менен Кытайдын киночулары наам алуу боюнча сап башында турса, кийинки орунда Австралия, Индия жана Казакстан болгон.

Өзбекстандын кинематографисттеринин эмгеги дагы биринчи жолу сыйлуу байгеге ээ болгон. Бул ирет сыйлыктарды тапшыруу аземи 29-ноябрда Австралиянын Брисбен шаарында өтөт.