Азия оюндары – 2017: Кыргызстандык мушкер Бекишев коло тагынды (видео)

1028

Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында бешинчи Азия оюндары башталды. Эл аралык мелдештин ачылыш аземи сыйымдуулугу 45 миң көрүүчүгө арналып салынган жаңы стадиондо өттү. Азия оюндарына жалпысынан 62 өлкөдөн 5500 спортчу катышып жатат. Алар спорттун 21 түрү боюнча күч сынашат. Азия оюндары 11 күнгө созулат. Ашхабадда өтүп жаткан мелдешке Кыргызстандын дагы спортчулары катышууда. Оюн ачылган күнү эле мекендешибиз Ариет Бекишев коло медаль тагынды.