НТС

Азия оюндары: Бекназар Райымкул уулу алтын медалга ээ болду (видео)

Бешинчи Азия оюндарында кыргызстандык Бекназар Райымкул уулу самбо боюнча чемпион наамын алды. Ал эми жалпысынан биздин самбочу балбандар Кыргызстандын курама командасынын куржунуна 6 байге салышты. Алардын эсебинде 1 алтын, эки күмүш, 3 коло медаль бар. Муну менен Кыргызстан курамасы, Ашхабаддагы Бешинчи Азия оюндарында медалдардын санын 48ге жеткирип, байгелер эсебинде, биздин команда он биринчи болуп келе жатат. Эскерте кетсек, Азия оюндары 2 күндөн кийин жыйынтыкталат.