Азия оюндары: кыргызстандык Авазбек Аманбеков алтын медаль тагынды (видео)

1324

Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өтүп жаткан Бешинчи Азия оюндарынын жүрүшүнөн алынган акыркы кабарлар. Азиаданын тогузунчу күнүндө кыргызстандык спортчулар 11 медалга ээ болсо, алардын бирөөсү алтын. Аны кикбоксинг боюнча чебер Авазбек Аманбеков алып берди. Мындан тышкары, мушкер Алексей Федосеев, жана балбан айым Айсулуу Тыныбекова күмүш байгелердин ээлери болушту. Ашхабаддагы оюндар эртең жыйынтыкталат.