Азия оюндары: Кыргызстандык спортчулар куржунга 70 медаль салды (видео)

1347

Кыргызстан Азиаданын акыркы күнүндө медалдык эсепте 8-орунга көтөрүлдү. Кечээ өлкө намысын коргоп барган мекендештерибиз биздин куржунга 5 алтын байге салды. Самбочулар Жамалбек Асылбек уулу, Жаныбек Аматов, грек-рим күрөшү боюнча балбан Калы Сулайманов, спорттук бийдин чеберлери Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей, ошондой эле Ызатбек Ратбеков «чемпион» наамына ээ болушту. Муну менен Кыргызстандын курамасы жалпы медалдардын санын 70ке жеткирди.