Азия оюндары: Кыргызстандын эсебине дагы 9 медаль кошулду (видео)

1036

Ашхабадда өтүп жаткан 5-Азия оюндарынын 3-күнүндө Кыргызстандын эсебине дагы 9 медаль кошулду. Анын көпчүлүгү коло байгелер. Кыргызстандык 3 спортчу финалга чейин жеткени менен, алтын медалга илинбей калышты. Күмүш байгелердин көпчүлүгүн, бел боо күрөшүнүн эркин ыкмалары жана жеңил атлетика боюнча куч сынашкан улан-кыздар алып келишти.