Азия оюндары: Кыргызстандын куржунунда 30 медаль (видео)

1271

5-Азия оюндарынын бешинчи күнү аяктады. Ашхабадда өтүп жаткан беттешүүлөр, кечээ күнү 10 спорттун түрү боюнча болду. Мелдештерге кыргызстандык 6 спортчу катышып, анын төртөө байгелерге илинди. 3 коло жана 1 күмүш медаль.

Экинчи орунду 90 килограммдан жогору салмакта казак бел боо күрөшүнө түшкөн Тилек Куралов алды. Дагы бир коло медалды ат спортунун «конкур» түрүнөн 18 жаштагы Камиль Сабитов утту.