Азия оюндары: Кыргызстандын куржунунда экинчи алтын медаль (видео)

1192

Ашхабадда өтүп жаткан Азия оюндарында төрт күн ичинде Кыргызстандын улуттук курама командасы куржунуна 26 байге чогултту. Кечээ күнү биздин спортчулар 8 медаль утуп алышты. 5 коло, 2 күмүш, бир алтын. Бел боо боюнча күрөштө Бекзат Тынчтыкбек уулу биринчи орунга чыгып, спорттун бул түрү боюнча Кыргызстанга алгачкы алтын байгени алып келди. Медалдык эсепте биздин өлкө мурдагыдай эле 12-орунда турат.